Түндүк Кипрде бычакталган кыргызстандык кыз боюнча министрлик маалымат таратты
RU

Түндүк Кипрде бычакталган кыргызстандык кыз боюнча министрлик маалымат таратты

Все самое интересное в Telegram

Түндүк Кипрде бычакталган кыргызстандык кыз боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

Окуя 3-августта Лефкоша шаарындагы супермаркеттердин биринде болгон. Анда белгисиз киши кол салып, анда кыргызстандык Ж.А. бычактан жаракат алган. Жабырлануучу шашылыш түрдө ооруканага жеткирилип, ага операция жасалган.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги окуянын жагдайларын тактап, зарыл болгон консулдук-укуктук колдоону камсыз кылууда.

"Аталган факты боюнча жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Элчилик жабырлануучунун жакындары менен туруктуу байланышта болууда. Бул маселе министрликтин жана элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18448