Ошто акча алмаштыруучу жайдын кожоюну бычакталды. Шектүү кармалды
RU

Ошто акча алмаштыруучу жайдын кожоюну бычакталды. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында акча алмаштыруучу жайлардын биринде 35 жаштагы кишиге кол салуу болуп, ал каза тапты. Маалыматты Ош шаардык милициясы таратты.

Анда окуя 24-майда кечке маал Амир-Тимур көчөсүндөгү валюта алмаштыруу жайында катталганы айтылат. Белгисиз жаран акча алмаштыруу жайына кирип, 1992-жылы туулган М.Х.га бычак менен кол салган.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген, бирок операция учурунда каза болгон. Ал 2026-жылдын февраль айынан баштап акча алмаштыруучу жайда иштеп баштаган. 3 баланын атасы.

Милиция шектүү катары 1988-жылы туулган Т.Н. аттуу адамды колго түшүргөн. Кармалган учурда анын жанынан 37500 сом, 2 телефон жана спирт ичимдигинин бөтөлкөсү табылган.

Башкармалыктан белгилешкендей, бул окуяда 1987-жылы туулган А.К. аттуу соодагер да жабыр тарткан. Ал кол салуу учурунда арачага түшкөн.

Бул факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17871