Күрөк менен уруп... Токмокто аялга жана балдарга зомбулук көрсөтүүгө шектүү кармалды
RU

Күрөк менен уруп... Токмокто аялга жана балдарга зомбулук көрсөтүүгө шектүү кармалды

Все самое интересное в Telegram

Токмок шаарында аялына жана өгөй балдарына зомбулук көрсөтүүгө шектелип 38 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден кабарлап, кылмыш иши козголгонун билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, 3-августта Токмок шаарынын (1993-жылы туулган З.Р.) тургуну ички иштер органдарына арыз менен кайрылган. Ал жарандык жолдошу (1988-жылы туулган Ч.Ч.) акыркы үч жыл аралыгында өзүнө жана жашы жете элек эки баласына карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүп келгендигин билдирген.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

"Териштирүүнүн жүрүшүндө арыз ээсинин көрсөтмөсү алынган. Ал жарандык жолдошу өзүнө жана балдарына электр зымы жана күрөк менен уруп, денесине залал келтиргендигин белгилеген. Анын негизинде аялга жана анын эки баласына карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - дешет милициядан.

Тергөө кызматы тарабынан 138-берененин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Ч.Ч. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат дешти башкармалыктан.

Белгилесек, социалдык тармактарга белгисиз киши балдарды аёосуз сабаган видео тараган. Интернет колдонуучулар кол көтөргөн жаранды таап, катаал чара көрүү керек деген пикирлерин жазышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18460