Жеңиш чокусун багындырууга чыккан альпинисттерди издөө иштери токтоду
Жеңиш чокусуна чыгып дайынсыз болгон Россиянын жана Литва өлкөлөрүнүн жарандарын издөө иштери токтоду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, чокудагы аба ырайынын татаал шарттары, тез-тез жүрүп жаткан кар көчкүлөр куткаруучулардын өмүрүнө кооптуу болгон.
Куткаруучулар 6000 метрден ашуун бийиктикке чыгышкан. Альпинизм боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери, тажрыйбалуу адис Д.М.Греков менен биргеликте чет өлкөлүк жарандарды издешкен. Тилекке каршы, издеп-куткаруу иштери, 2 жолку визуалдык учуу да өз натыйжасын берген эмес.
"Ал эми чет өлкөлүк альпинисттер Жеңиш чокусуна жетип, эң татаал жол менен кайра ылдыйлаганы, алардын бириндеги спутник байланышынын (GPS трекери) координаты боюнча кырсык болгон жер аныкталган. Альпинисттер түшкөн маршруттун бул бөлүгүнө чыгууга дээрлик мүмкүн болгон эмес. Чокудагы аба ырайынын татаал шарттары, тез-тез жүрүп жаткан кар көчкүлөрү куткаруучулардын өмүрүнө кооптуу экенин эске алып, 8-августта куткаруучулар базалык лагерге, кийинчерээк туруктуу ордуна кайтарылган.
Альпинисттерди издөөдө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз компетенциясынын жана жеткиликтүү каражатынын чегинде бардык күч-аракетин жумшады", - дешет министрликтен.
Белгилей кетсек, 4 альпинисттин үчөө – Д.П., С.П., Н.Д. аттуу Россия Федерациясынын жарандары, төртүнчүсү Литва өлкөсүнүн жараны. Алар 19-июль күнү акыркы жолу 6900 метрге жакын бийиктиктен байланышка чыгышкан. Ал эми 24-июль күнү спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген (GPS-трекер) координат түшкөн. Анын негизинде "Аксай-Трэвел" компаниясы 24-26-июлда тик учак менен издөө ишин жүргүзүп, бирок ал жыйынтык берген эмес. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 27-июль күнү Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинен издөө иштерине көмөктөшүү боюнча расмий кайрылуу түшкөн.