Кадамжайда дайынсыз болгон өспүрүмдүн жансыз денеси жайлоодон табылды
Кадамжай районунда дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн жансыз денеси жайлоодон табылды. Маалыматты Баткен ОИИБден кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 12-июлда 2011-жылы туулган өспүрүм үйүнөн ата-энесине таандык унааны айдап чыгып кеткен. Андан соң бала дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн.
Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө 13-июлда кечке маал өспүрүмдүн жансыз денеси Молдо-Нияз айыл аймагына караштуу Таш-Булак жайлоосунда табылган. Кароо учурунда ал асынган абалда табылган.
"Алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө маркум өзүнө-өзү кол салгандыгы аныкталган. Анын денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда окуянын бардык жагдайларын, ошондой эле бул окуяга алып келген себептерди толук, объективдүү жана ар тараптуу аныктоо максатында тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат дешти башкармалыктан.