Садыр Жапаров дунгандар сабизди кымбаттатты деген депутаттын сөзүнө комментарий берди
RU

Садыр Жапаров дунгандар сабизди кымбаттатты деген депутаттын сөзүнө комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго "Кыргызстандын дунган этностук коомчулугунун ассоциациясы" коомдук бирикмесинен Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловдун эл алдында сүйлөгөн сөзүнө жооп берүү өтүнүчү менен кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Буга чейин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин кезексиз жыйынында депутат Райымкулов дунган улутундагы жарандар сабизге болгон бааны жасалма жол менен көтөрүп жатат деп айып койгон. Тактап айтканда, ал "дунгандар бааны жасалма жол менен көтөрүп жатышат. Москва жана Сокулук райондору сууну жетиштүү көлөмдө алышат, дунгандар ошол жерде жашашат жана алар бааларды көтөрүп жатышат" деген эле.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров өлкө жарандарынын бүтүндүгүн жана биримдигин бузуп, этностор аралык ынтымакка терс таасирин тийгизе турган билдирүүлөрдөн этият болуңуздар деп эскертти. Жогорку Кеңештин депутаттарын жана бардык жарандарды ойлонуп сүйлөөгө чакырды.

Элдердин улуттар аралык биримдигине байланыштуу ар кандай билдирүүлөр өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга таасир этиши мүмкүн.

Мамлекет башчысы бардык жарандарга, анын ичинде парламентарийлерге эскертүү берип, аларды ушул темада спекуляция кылбоого үндөдү.

"Кыргызстан көп улуттуу өлкө, анда 100дөн ашык этностор жашашат. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында гана биз күчтүү жана өнүккөн өлкөнү кура алабыз", - деди Президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2190