Депутат экономика министри Акылбек Жапаров элден кечирим сурасын деп талап кылды
RU

Депутат экономика министри Акылбек Жапаров элден кечирим сурасын деп талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Сагындык Келдибаев экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдон паника жараткандыгы үчүн элден кечирим сурасын деп талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-июнда, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

"Ал эки айдын ичинде чек аралар жабылып, ун калбай калат, эл ачка калат, деп айтты. Урматтуу депутаттар, чиновниктер! Ушундай да айтса болобу? Эми элдин алдына чыгып, кечирим сурасын, жаңылдым деп айтсын. Эл паникага алдырып, эртең-бирсүгүнү базардагы ундун барын ала башташат", - дейт Келдибаев.

Эске салсак, Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында Казакстан менен Россиядан азык-түлүк сатып алуу керектигин айткан. "Ишти эртерээк жүргүзүшүбүз керек. Эшелондор жана учактар ​​менен эң керектүү продукцияларды алып келели. Эгер кечиктирсек, 2-3 айдан кийин чек аралар жабылып калат, бизге эч кандай ун келбей калуу коркунучу бар", - деген Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2276