Баткен окуяларында каза болгондордун үй бүлөлөрүнө жаңы үйлөр тапшырылды
RU

Баткен окуяларында каза болгондордун үй бүлөлөрүнө жаңы үйлөр тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн 16-сентябрда, чек арада орун алган каргашалуу окуяда шейит кеткен 36 эр азаматтардын үй бүлөлөрү үчүн курулган жаңы үйлөрдү тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Тапшыруу аземине президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президентинин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, ЖК депутаты Карамат Орозова жана президентинин коомдук иштери боюнча кеңешчиси Ассоль Молдокматова менен Мирбек Атабеков катышышты.

Мекен үчүн жан берген 36 шейит кеткен эр азаматтардын жакындары катышууда.

Алгач ыйык куран окулуп, андан соң облус башчысы шейит кеткендердин жакындарына КР Президенти С.Н.Жапаровдун атынан жана жеке өзүнүн атынан көңүл айтуу менен, сабырдуулук каалады.

Президент С.Н.Жапаровдун демилгесин колдоп, үйдү куруп берген "Ихлас" жана "SMA" курулуш компанияларынын жетекчилерине терээң ыраазычылык билдирди.

Үй үч бөлмөлүү жана ашканасы, керектелүүчү заманбап шарттары, күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү атайын жабдыктары бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3556