ТЭЦти модернизациялоо иши. Садыр Жапаров кылмыш иштин эки фигурантын актады
RU

ТЭЦти модернизациялоо иши. Садыр Жапаров кылмыш иштин эки фигурантын актады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги ТЭЦти модернизациялоо кылмыш иши боюнча сот күнөөлү деп тапкан Айбек Калиев жана Салайдин Авазовду актап чыгаруу чечимине кол койду. Бул маалыматты жеке булактар билдиришти.

Улуттук энергохолдингдин экс-жетекчиси Айбек Калиев жана "Электрические станции" ААКтын мурунку директору Салайдин Авазов эркиндикке бошотулду.

Берилген маалыматка ылайык, актап чыгуу чечимине үч жума мурун эле кол коюлган. Бирок тиешелүү документ президенттин сайтына жайгаштырыла элек.

Эске салсак, 2013-жылдан 2017-жылга чейин Бишкектин ТЭЦин (ЖЭБ) модернизациялоо иштери жүргүзүлгөн. Ага $386 миллион сарпталган. Бул каражатты Кыргызстанга Кытай өлкөсү ШКУ кредитинин негизинде берген. Долбоорду кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырган болчу. 2018-жылдын январында ТЭЦте ири авария орун алып, андан кийин коррупциялык схемалар ачыкка чыга башташаган. Бир нече экс-премьер-министрлер жана энергесектордун жетекчилери жоопко тартылган.

Сот Сапар Исаковду 15 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди 7 жыл 6 айга, Айбек Калиевди 15 жылга эркинен ажыратып, Ольга Лаврованы - 3 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга, Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, Жолдошбек Назаров 2 жыл 6 айга кесилген. Артыкбаев 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3562