Түрмөдө отуруу мөөнөтү аяктап Айбек Калиев менен Салайдин Авазов бошотулду
RU

Түрмөдө отуруу мөөнөтү аяктап Айбек Калиев менен Салайдин Авазов бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-сентябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Улуттук энергохолдингдин экс-башчысы Айбек Калиев менен "Электр станциялары" ААКтын мурдагы директору Салайдин Авазовго ырайым кылганы белгилүү болду.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан Kaktus.media редакциясына Айбек Калиев менен Салайдин Авазов жаза мөөнөтүн өтөгөндүктөн абактан бошотулганын кабарлашты.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Калиевди 15 жылга, ал эми шаардык сот 14 жылга эркинен ажыраткан. Жогорку Сот бул чечимди күчүндө калтырды. Салайдин Авазов Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун өкүмү менен 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.

Адвокат Замир Жоошев Калиев менен Авазовдун бошотулушуна комментарий берип, кечирим берүү үчүн чек жок экенин белгиледи.

"Соттолгон жана өмүр бою эркинен ажыратылган адам кечирим ала алат. Ошондой эле, Конституцияга ылайык, кечирилген адам күнөөсүн мойнуна алсын деген талап жок", - деп жыйынтыктады Жоошев.

Эске салсак, 2013-жылдан 2017-жылга чейин Бишкектин ТЭЦин (ЖЭБ) модернизациялоо иштери жүргүзүлгөн. Ага $386 миллион сарпталган. Бул каражатты Кыргызстанга Кытай өлкөсү ШКУ кредитинин негизинде берген. Долбоорду кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырган болчу. 2018-жылдын январында ТЭЦте ири авария орун алып, андан кийин коррупциялык схемалар ачыкка чыга башташаган. Бир нече экс-премьер-министрлер жана энергесектордун жетекчилери жоопко тартылган.

Сот Сапар Исаковду 15 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди 7 жыл 6 айга, Айбек Калиевди 15 жылга эркинен ажыратып, Ольга Лаврованы - 3 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга, Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, Жолдошбек Назаров 2 жыл 6 айга кесилген. Артыкбаев 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3567