Наталья Никитенко: "Кумтөрдүн" иши ушунчалык жакшы болсо, эмнесин жашырып жатышат?
RU

Наталья Никитенко: "Кумтөрдүн" иши ушунчалык жакшы болсо, эмнесин жашырып жатышат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Наталья Никитенконун айтымында, бийлик элди алдоого аракет кылып жатат. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазган.

Анын пикири боюнча, учурдагы бийлик жактырбаган парламентаризм - кабыл алынган чечимдердин ачыктыгы менен айырмаланчу. Жогорку Кеңеште курч маселелер талкууланып келген. Ар бир жаран онлайн режимде кандай мыйзамдар, токтомтор, чечимдер кабыл алынып жатканын көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу.

"Ооба, кабыл алынган чечимдердин сапаты ар дайым эле эффективдүу болчу эмес, бирок көйгөйлөр талкууланып жатканын эл билчү. Жоопкерчиликти да бардыгы, коллективдүү тартышчу президент, өкмөт жана парламент, кыскасы бийликтеги көпчүлүк.

Бүгүнкү күндө эмне болуп жатат? Министрлер кабинети да жада калса министр эмес, болгону тышкы башкаруучу, ал эми "Кумтөр" маселеси боюнча юрист эмнени билсе болот, эмнени болбой турганын бизге айтып жатат. Ошондо кандай болуп калды? "Кумтөр" элге өттү, алтын дагы, а бирок биз бул тууралуу эч нерсе билбейбиз. Же бул элдин менчиги эмей эле бир нече адамдын менчигиби?" - деп депутат кызыгып сурады.

Юристтин айтымында бул сыр экен, сүйлөшүүлөргө терс таасирин тийгизиши мүмкүн имиш. Бирок курч мезгилде чек ара маселесин кароо да кылдаттыкты талап кылган, ал тууралуу бир нече жолу айтылбады беле.

"Эгер бардыгы жакшы болсо, керек болсо мурункуга караганда да жакшыраак болсо, анда эмнесин жашырышат? Алтын кен, фабрика иштеп жатат, алтын казылып атат, аны табуунун пайызын да көтөрүшүптүр (бирок бир катар эксперттер күмөн санап жатышат), экология жакшыраак болуп калыптыр, технологиялар бузулбай эле, эмне үчүн мындан сыр жасап жатышат? Муну менен сыймыктаныш керек да! Айсулуу Тыныбекова менен сыймыктанып жатпайбызбы, ал алтын менен күмүштү ак эмгеги, таза мээнети менен таап жатат", - деп Никитенко белгиледи.

Ал эми иш анчалык жакшы жүрбөсө, технологиялар бузулса, алтын аз болсо, пайызы төмөн чыкса, экологиялык көйгөйлөр жаралса, анда мактана турган жөнүң жок болот, мындай маалыматты жашыргың келет.

"Өз жарандарың менен чынчыл болуу керек. Бул ишеним артуунун негизги шарты. Биздин бийлик жарандарды алдаш үчүн манипуляцияларга жол бере баштады, - биз казактардан вацина сатып алабыз, тажиктерден электр энергиясын алабыз" деп жар салышат, а алар болсо, сатуу ойго да келбегенин билдиришет. Мурункулардан сурап көргүлөчү, ишенимди бир жоготкондон кийин кайра кайтара албайсың", - деп депутат бийликке кайрылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3807