Күндүн сүрөтү: Тыныбекова, Медет кызы, Жуманазарова медалдары менен
RU

Күндүн сүрөтү: Тыныбекова, Медет кызы, Жуманазарова медалдары менен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова өзүнүн интернет баракчасына сүрөт жарыялаган. Анда Кыргызстандын кыздар курама командасы жана машыктыруучу Нурбек Изабеков менен Кыз-келиндер күрөш федерациясынын президенти Байгазы Кенжебаев бар.

"Ушуну менен кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө биринчилиги биз үчүн аяктады. Эки алтын, бир коло биздин командабыз үчүн мыкты жетишкендик.

Ал эми кыргызстандыктар мындан да көп медалдарга татыктуу! Алдыда дагы жеңиштерди алып келүү үчүн машыгууларды улантабыз.

Бул жеңиштерге жетүүдө эң маанилүү ролду ойногон жалпы машыктыруучуларыбызга жана командабызга терең ыраазычылык айтам. Кыргызстандыктарга жана жалпы күйөрмандарга колдооңуздар үчүн таазим этем.

Урматым менен, Айсулуу", - деп Тыныбекова жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3833