Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова: Бизде эң мыкты машыктыруучулар бар
RU

Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова: Бизде эң мыкты машыктыруучулар бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиону аталгандан кийин биринчи интервьюсун берди. Ал күрөш менен машыккан кыздарга эч нерседен коркпой, өз максатына карай умтулууну сунуштады.

Белгилей кетсек, Жуманазарова эки айдын ичинде Олимпиада оюндарынын коло медалын жана Дүйнө чемпиондугунун алтынын багындырды. Ал дүйнө чемпиондугундагы финалдык күрөштө япониялык Рин Мияджини уткан. Беттеште Жуманазарова атаандашын эки далысына жаткыра коюп, таза жеңишке жетти.

- Дүйнө чемпиону болуу кандай экен?

- "Бул кандай сезим экенин билбейм, бирок, мен бактылуумун.

Финалдагы атаандаш тууралуу

- Мен аны менен экинчи жолу беттешип жатам. Алгач 2015-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында күрөшкөнбүз.

Айсулуу Тыныбекованын жеңиштеринин курама командага тийгизген таасири тууралуу

- Ал биздин команданын лидери. 2019-жылы мен жаракат алып калган кезде Айсулуу эже дүйнө чемпиону болгондо абдан кубангам.

Олимпиададан коло медаль алгандан кийин жашоодо эмне өзгөрдү

- Баары мурдагыдай. Буга чейин деле жакшы болчу, азыр да жакшы. Эч нерсе өзгөргөн жок. Биз дагы машыгып жатабыз.

Дүйнөлүк чемпион башка кыздарга кандай кеңеш берет?

- Чоң максаттарды коюп, эч нерседен коркпой аларга умтулуу керек - мүмкүн болбой турган эч нерсе жок.

Жаштар арасында Дүйнө чемпиондугунда коло алган сиңдиси жана үй-бүлөсү жөнүндө

- Биздин үй-бүлө спорттко жакын. Атам менен иним күрөш менен алектенет. Биз үчүн бул нормалдуу көрүнүш.

Карьерадагы машыктыруучунун ролу

- Машыктыруучусуз мындай чоң натыйжаларга жетүү мүмкүн эмес. Бизде эң күчтүү жана мыкты машыктыруучулар бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3832