Суши жеп ууландандардын саны 179 кишиге жетти
RU

Суши жеп ууландандардын саны 179 кишиге жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

26-октябрга карата Бишкек жана Чүй облусунун медициналык мекемелерине жардам сурап кайрылгандардын саны 179 китшиге жетти. Бардыгы "Империя пиццы" кафесинен тамактанышкан.

алардын ичинен 18и балдар. 50 киши стационардык жардам алууда. Темир жол ооруканасында 13 киши, шаардык балдар клиникалык ооруканасында 12, Улуттук госпиталда - 24, Ысык-Атанын Жалпы дарыгерлик практика борборунда - 1.

25-октябрдын саат 14:30га карата уулангандардын саны 118 киши деп айтылган.

  • Темир жол ооруканасына 98 адам кайрылган;
  • Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына - 13;
  • Чүй облустук бириккен ооруканасына - 2;
  • Жайыл районунун жалпы дарыгерлик практика борборуна – 5.

Алардын ичинен стационардык дарылануу: темир жол ооруканасында - 10 адам, шаардык балдар ооруканасында - 13 бала. Алардын абалын дарыгерлер туруктуу деп баалап жатышат. Калган жабырлануучулар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Саат 07:30да, темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө, тамактан ууланып, медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 85 гана болгон.

Эске сала кетсек, буга чейин 12 адам суши жегенден кийин ууланганы белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, жабырлануучулар "Империя пицца" кафелеринин түйүндөрүнөн суши заказ беришкен.

Учурда мекеменин бардык филиалдары жабылды.

Бүткүл өлкө боюнча коомдук тамактануу жайлары текшерүүгө алынмай болду. Массалык уулануудан улам мораторий алынып салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4065