Садыр Жапаровдун ыйлаак тарапташы камакка алынды
RU

Садыр Жапаровдун ыйлаак тарапташы камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бакырчаак Бакай" деген атка конгон активист Бакай Кашкарбаев кармалды

Бишкек шаарында активист Бакай Кашкарбаев кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кашкарбаевге карата сотко чейинки бир нече тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Анда ал Жазык кодексинин 344-беренесиндеги "кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган билдирүү", 355-беренесиндеги "бийлик өкүлүнө карата коркутуу" жана "майда бейбаштыкка" шектелүүдө.

Ага соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, Кашкарбаев социалдык тармактын кыргыз сегментинде өткөн жылдагы октябрь окуяларынан кийин белгилүү болгон. Интернетке тараган видеодо чоң эле эркек киши Садыр Жапаровдун кадрдык саясатына нааразы болуп, ыйлап, аны Акылбек Жапаровдун ордуна кеңешчи кылып дайындоону талап кылат.

Ушул жылдын январь айында, Кашкарбаевге карата кылмыш иши козголгон. Ал өткөн жылдын 16-ноябрында Ысык-Көл райондук сотко кирип барып, судья Жумаев менен жолуктурууну талап кылат.

Андан тышкары, 17-ноябрда Каракол шаардык сотко жулкунуп кирип барып, соттук органдардын кзыматкерлерин коркутуп-үркүтөт. Видеодо прокуратура кызматкерлерин "жанчып", "көзүн чукуп", "тиштерин кагыш" керек деген сөздөр айтылат.

Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4118