Милиция кызматкерлери жигитти күчкө салып алып кетишти. Себеби айтылды
RU

Милиция кызматкерлери жигитти күчкө салып алып кетишти. Себеби айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

4 ноября редакции Kaktus.media отправили видео с парнем, которого силком сажали в машину. Он утверждал, что это не милиция и он ни в чем не виноват. Теперь свой комментарий прислала милиция:

4-ноябрда Манас (Белинский) проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишинде, мэриянын артында болду. Формадагы үч адам орой мамиле жасап, жигитти унаага сүйрөп алып кирип, белгисиз тарапка салып кетишкен. Жигит ошол жердеги элге кайрылып, жардам сураган.

Ленин ИИБси окуянын чоо-жайын түшүндүрдү.

Жигитти салып кеткендер чындап эле милиция кызматкерлери болушчу. Алардын маалымматы боюнча, 2021-жылдын 8-августунда Ы.А. аттуу жаран Мурман көчөсүндөгү үйдүн ичинен 18 миң сомдук телефон уурдалды, ошого карата чара көргүлө деп кайрылган.

КРдин Жазык кодексинин "Уурдо" 200- беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

"Ленин районунун криминалдуу милиция бөлүмүнүн ыкчам тергөөчүлөрү 2003-жылы туулган А.Н. деген күбөнүн өздүгүн аныкташкан. Ал бир нече жолу суракка чакыртылган, бирок ал бир да жолу келген эмес. Ошого байланыштуу криминалдык милиция кызматкерлерине күбөнү милиция бөлүмүнө жеткирүү тапшырмасы берилген", - деп ИИБден билдиришти.

4-ноябрда милиция А.Н.ди камап, көрсөтмө берүү үчун милиция бөлүмүнө алып келишкен.

"Камакка алынып жатканда ал катуу кыйкырып, коомчулукка бурмаланган маалымат берген. Ал Ленин ИИБсине жеткирилип, тиешелүү иш чаралар өткөрүлгөндөн кийин үйүнө кое берилген", - деп милициядан түшүндүрүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4203