"Милициялар" жигитти кыйкыртып, унаасына салып кетишкен. Видео
RU

"Милициялар" жигитти кыйкыртып, унаасына салып кетишкен. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media сайтынын окурмандары жигитти үч киши күч менен унаага сүйрөп салып, кеткенине күбө болушкан.

Жаш жигит жардам сурап, кыйкырып, өтүп бараткандардын көңүлүн бурган. Ал "Жардам бергиле, полиция, эмне кылып жатасың?!" деп кыйкырып жаткан.

"Окуя 4-ноябрда Манас (Белинский) проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишинде, мэриянын артында болду. Формадагы үч адам орой мамиле жасап, жигитти унаага сүйрөп кирүүгө аракет кылышты. Биз эмне болгонун сурасак, кармалып жатканын айтты. Ал ата-энесине телефон чалып берүүнү жана эмне болуп жатканын видеого тартып алууну суранды", - деди окуянын күбөсү.

Жакын жердеги патруль кызматын чакырышкан.

"Ал жакындап басып келгенде, баланы салып жаткан кишилер "өзүбүздүкү" деп күбөлүктөрүн көрсөтүшкөн. Бирок, патрулдук милиция кызматкери документтерди окуган эмес. Эркектер дагы эле жигитти унаага түртүп, Бишкек паркын көздөй алып кетүүгө үлгүрүшкөн",- деп күбөлөр айтып беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4202