Өзбекстан менен Түркмөнстан Кырызстанга электрэнергияны берүүнү токтотушту
RU

Өзбекстан менен Түркмөнстан Кырызстанга электрэнергияны берүүнү токтотушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстан менен Түрмөнстан Кыргызстанга электрэнергиясын берүүнүт токтотушат. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев "Азаттык" радиосунун түз эфиринде айтты.

Анын айтымында, коңшу өлкөлөрдө да энергетика тармагында көйгөйлөр бар.

"Кошуна мамлекеттерде дагы чоң тартыштык бар. Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан дагы чектөөлөрдү киргизип жатат. Биз лимитти аргасыз, жарык менен отуралы деп киргизип жатабыз. Кошуна өлкөлөр, Орусия менен байма-бай сүйлөшүп жатабыз. Анткени, жайында аларга суу керек, бизге электр энергиясы керек. Токтогул суу сактагычынын бир тамчы суусун дагы бүгүн биз ирригацияга пайдаланбайбыз. Анын бардыгы кошуна өлкөлөргө, Өзбекстанга, андан ашканы Казакстанга кетет. Аларда дагы кыйынчылык болуп жатат. Азыр импорт токтоп турат. Өзүбүздүн генерация менен иштеп жатабыз. Өзбекстанда импорт келе турган линияда авария болуп, өздөрүндө станциясында ремонт иштери токтоп турат. 1-августтан тартып Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоп жатканбыз. Учурда ал жакта да авариянын айынан убактылуу кыйынчылыктар жаралды. Бир эки күндө маселе чечилет", - деди министр.

Биздин максат - элди кыштан алып чыгуу. Бул техникалык маселелерди саясатка аралаштырбашыбыз керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4342