Энергосектордогу кризис. Бюджетти бөлүштүрүү рационалдуу жүргүзүлбөйт
RU

Энергосектордогу кризис. Бюджетти бөлүштүрүү рационалдуу жүргүзүлбөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо" коомдук бирикмесинин жетекчиси Самат Ибрагимовдун энергетикалык сектордогу бөлуштүрүүчү компаниялардагы коррупция боюнча билдирди.

Ибрагимов президенттин алдындагы Антикоррупциялык кеңештин жыйынында бул мекеме тендер комиссияларынын курамына кире тургандыгын билдирди.

"Учурда коомчулук электроэнергия, ага болгон тариф жана мамлекеттик сатып алууларды кызуу талкуу кылып жаткан кез. Мен бөлуштүрүүчү компаниялардын биринин конкурстук комиссиясынын курамына кирем. Ужас - деп айтуу, эч нерсе айтпаганга тете. Мамлекеттик каражаттын сарптоодо, мамлекеттик бюджетти бөлүштүрүү рационалдуу жүргүзүлбөйт. Мен мыйзам бузуулар боюнча айтып баштагандан кийин мени конкурстук комиссия кошпой калышты. Порталдагы мамлекеттик сатып алууларды карап отуруп, зыян келтирүү менен жүргүзүлгөнүн көрөм", - деп Ибрагимов белгиледи.

Электрэнергиясына болгон тарифтер тууралуу кеп да кылбай эле коелу, биздин чыгымдар негизсиз.

"Ооба, биз Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли уламдан-улам азайып баратканын жакшы билебиз. Бирок мындай кырдаалдан да чыгуу жолу бар. Энергожаратуу өндүрүшү боюнча идеялар, пландар бар", - дейт коомдук бирикменин жетекчиси.

Ал укук коргоочу органдарды мамлекеттик сатып алуулар учурундагы мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүүнү сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4340