"Ошэлектро" эмнеге үймө-үй кыдырып жылыткычтарга пломба салганын түшүндүрдү
RU

"Ошэлектро" эмнеге үймө-үй кыдырып жылыткычтарга пломба салганын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ошэлектро" Кадамжай районундагы тургундардын үйлөрүндөгү жылыткычтарына эмне себептен пломба салганын айтып берди.

Компания эскерткендей, Токтогул ГЭСиндеги суунун деңгээли түшүп кеткенине байланыштуу электрэнергиясын өндүрүү кескин төмөндөп кеткен. Ошол эле учурда абоненттердин саны көбөйүүдө. Акыркы он айда "Ошэлектронун" абоненттеринин саны 12 867 колдонуучуга көбөйгөн.

"Энергияны колдонуунун үнөмдөө максатында, авариялык кырдаалды алдын алуу жана электр жарыкты колдонуунун техникалык шарттарын текшерүү максатында "Ошэлектро" ААК Ош шаарында, Ош облусу жана Баткен облусундагы абоненттердин арасында рейддерди жүргүзүүдө. Рейд учурунда электр энергиясын көрсөтүлгөндөн көбүрөөк колдонуу фактылары аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жылыткычтарга пломба салынып жатат", - деп билдирүүдө жазылган.

"Ошэлектро" абоненттерди электрэнергиясын үнөмдөөгө чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4363