82 баш кой уурдап, Өзбекстанга өткөрүп жиберүүгө шектелген жаран кармалды
RU

82 баш кой уурдап, Өзбекстанга өткөрүп жиберүүгө шектелген жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузак РИИБсине эки жаран кайрылып, бири 51 баш кой, экинчиси 31 баш кой жоготкондугун айтып кайрылган. Экөөнүн тен койлору күндүз, талаада жайылып жүргөн жеринен жок болуп кеткен. Жабырлануучулар бир миллион сомдон ашык зыянга учураганы белгилүү болду.

Аталган фактылар Сузак РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тиешелүү ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө Сузак районунун тургуну 1977-жылы туулган Ш.М. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү уурдалган койлорду Аксы районуна алып барып сатып, Өзбекстан Республикасына өткөрүп жибергендиги белгилүү болгон. Жалал-Абад ОИИБсинин жана Сузак РИИБсинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан уурдалган 28 баш койлор ээлерине кайтарылган, деп Жалал-Абад ОИИБсинин басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4377