Казакстандан бир үйүр жылкы табылды. Ал Кыргызстанда жоголгон мал болушу мүмкүн
RU

Казакстандан бир үйүр жылкы табылды. Ал Кыргызстанда жоголгон мал болушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемин районунда жоголгон 50 баштан ашык жылкылар боюнча видео пайда болду. Анда айгыр, бээ кулундары менен, жалпы 50дөн ашуун жылкы табылып, бир сарайда камалып жатканы айтылат.

"Оӊ жана сол кулактарынын арты оюлган. 12-ноябрда төмөн жактан келди. Бүгүн сугарып туруп, камап койдук. Видеону көргөндөр жылкыӊарды таанысаӊар мага байланышкыла", - деп айтылат видеодо.

Жылкыларын жоготкон кеминдик Уран Акматов бул аттардын арасынан өзүнүн жылкыларын таппагандыгын айтты.

"Ооба, бул видео бизге 3-4 күн мурун келген. Бирок, биздин жылкылар эмес экен. Ал видеону тарткан адам менен да телефон аркылуу байланыштык. Биздин жылкыга салынган тамгаларды айтсак, андай белгилери жок деди. Видеодон жылкылардын өӊүн карасак, биздикине окшош болбой жатат. Эртеси видео тарткан киши кайра телефон чалды. Көрсө, казак туугандар дагы жылкы жоготуп, издеп жүрүшүптүр. Алар таап кетишти", - деди ал.

.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 22-октябрь күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө 1974-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Боролдой айылынын Коңур жайлоосунан белгисиз себептерден улам 17 баш жылкысы жоголуп кеткенин билдирген. Алынган маалыматтын негизинде, дароо окуя болгон жерге Кемин РИИБдүн ыкчам тергө тобу чыгышкан. Жогорудагы факты Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда Боролдой айылындагы сарайлардын биринде малчы болуп иштеген Т.Н. 10-октябрь күнү болжол менен саат 11:30 чамаларында Коңур жайлоосунан 17 баш жылкысынын жок экенин билип, ал тууралуу малдын ээсине кабарлаганын билдирген.

Ошондой эле 2-ноябрь күнү Кемин РИИБге Бишкек шаарынын 1973-жылы туулган тургуну О.Ж. арыз менен карйрылып, Боролдой айылында жайгашкан Кара-Баткак жайлоосунан 22 баш жылкы, 15 баш кулуну белгисиз себептерден жоголуп кеткенин билдирген. Дароо Кемин РИИБдин ыкчам тергөө тобу териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул факты Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталган.

Маалымат turmush.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4339