Мас милициялар жумушунан бошотулду
RU

Мас милициялар жумушунан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Ата РИИБсинин мас кызамткерлери жумушунан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Чүй облусунун ОИИБси билдирди.

Такталган маалыматка ылайык, 28-ноябрда ИИБнин эки кызматкери - улук лейтенант О.Т. жана прапорщик Ш.А. шайлоо участокторунда кызмат өтөө учурунда мас абалында болушкан. Бул ОИИБнин жетекчилиги текшерүү жүргүзгөн учурда аныкталган.

Кызматкерлерди медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн Кант шаарындагы ооруканага жеткирип, ал жактан бул факт тастыкталган.

Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө Чүй облусунун милиция кызматкерлери кызматынан бошотулду.

Андан тышкары Ысык-Ата РИИБсинин жана Чүй ИИББсинин бир катар жетекчилерине сөгүш жарыяланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4571