Никитенко: Текебаевди сабагандардын Токмок шаардык депутаттар менен байланыштыгы бар
RU

Никитенко: Текебаевди сабагандардын Токмок шаардык депутаттар менен байланыштыгы бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеңештин жыйынында "Өмүрбек Текебаевдин сабалышы боюнча" маселени карап чыгууну сунуштады. Мындай демилгени Никитенко бүгүн, 2-декабрда парламентте көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, эр жүрөк күч структурасы телефон уурдады деп бир кишини аныктады да бул көрүнүштү талап-тоноо катары көрсөткүсү бар.

"Биз бардыгыбыз түшүнүп турабыз, кеп саясий буйрук жөнүндө болуп жатат. Эртеңки күнү ар бириңе тиешеси бар. Кандай болбосун сиздин алар үчүн ыңгайсыз позицияңыз, эртеңки күнү 70 маска кийген жигит келип, курчоого алып сабап кетет дедегендик. Эгер парламент тараптан, күч органдары тараптан эч кандай реакция болбосо, демек биз бандиттик мамлекетке айланып баратканыбызды моюнга алгандык болуп саналат", - деп Никитенко белгиледи.

Менин оюм боюнча, башаламандыкты токтотуш керек. Кечээ болгон окуянын катышуучуларын тааныгандар бар. Алар Токмок шаардык кеңешинин депутаттары менен байланыштыгы бар экен.

"Тыкыр иликтөө жүргүзүлсүн. Видеолор бар. Бирок ал үчүн күч структураларынын жетекчилерин чакыртып, суроолорду берип, тыкыр иликтөө жүргүзүүгө үндөө керек. Экинчи мындай кайталанбаш керек. Бул шайлоо учурунда оппозициялык партиянын жетекчисине түздөн-түз кысым көрсөтүү", - дейт депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4619