Текебаевге кол салуу. Милиция шектүүнү кармады
RU

Текебаевге кол салуу. Милиция шектүүнү кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жана ыкчам-издөө иш-чаранын жыйынтыгында Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча борбордук криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй облусунун тургуну, 1998-жылкы Э.Ы. аттуу жаранды кармашты. Бул туурашуу Бишкектин ШИИБси кабарларды.

Камакка алынган жаран тергөө кызматына жеткирилип, андан кийин Бишкектин ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошондой эле камакка алынган Э.Ы. Өмүрбек Текебаевге таандык болгон телефонду өз ыктыяры менен берди.

"Учурда кылмыш иштин башка катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө иштери жана ыкчам чаралар көрүлүүдө", - деп ШИИБден билдиришти.

Эске салсак, Текебаевге кечээ, 1-декабрда, "Парк отелде" кол салуу болгон. Анын айтымында, белгисиз адамдар аны автобуска салып, алып кетүү аракетин көрүшкөн. Ошол эле учурда отелден алыс эмес жерде турган милиция кызматы ага жардамга келген эмес. Президент Садыр Жапаров ИИМге иштин чоо-жайын аныктоо тапшырмасын берген.

Текебаевдин билдиргенине караганда, анын жана анын жанында туруп окуяны тартып алууга аракет кылган бир нече адамдын телефондору уурдалган.

"Ата Мекен" партиясынын тарапташы адвокат Канат Хасанов, өзүнүн Facebook баракчасына Текебаевдин телефону анын кайда экенин аныктай турган тиркемеге кошулган. GPS-карта көрсөтүп тургандай, саясатчынын телефону УКМКнын жанында же ичинде деп жазып чыккан. УКМК бул маалыматты төгүндөдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4609