Айсулуу Тыныбекова Баткендиг жаш спортчулары менен жолугушат
RU

Айсулуу Тыныбекова Баткендиг жаш спортчулары менен жолугушат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна сапар тартты. Ал жаш спортчулары менен жолугушуп, ийгилик сырлары менен бөлүшө турганын өзүнүн Instaagram баракчасына жазды.

"Урматтуу достор, баарыңыздарга салам! Сиздер менен бөлүшө турган өтө маанилүү жаңылыгым бар. 11-12-декабрда Баткен облусунда болом. Жолугушууларда өзүм жөнүндө айтып берем жана ийгилик сырларым менен бөлүшөм. Менин баскан жолум жаш спортчуларга дем бере алат деген үмүттөмүн. Сиздер менен болгон жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм!" - деп жазган.

Айсулуунун Баткенге болгон сапары облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим менен жолугушуудан башталды.

"Кечээ эле АКШдан түз Баткен жергесиндеги жаш спортчулар менен жолугушуу үчүн келдим. Спорттогу бийиктиктерди бир гана күч менен багындыруу мүмкүн эмес, ошондуктан ар бир мүмкүнчүлүктү текке кетирбей туура пайдаланууга чакырам!" - дейт спортчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4732