Президент катышкан футбол мелдешинде маданият өкүлдөрү жеңүүчү болушту
RU

Президент катышкан футбол мелдешинде маданият өкүлдөрү жеңүүчү болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата достук футбол оюну өттү. Мелдешке президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышты.

Оюндардын жыйынтыгы боюнча биринчи орунду маданият ишмерлеринин "Өнөр" командасы ээледи.

Экинчи орунду футбол ардагерлеринин "Алга", үчүнчү орунду президент Садыр Жапаров башында турган президенттин администрациясы ээледи.

Мамлекет башчысы оюндун жыйынтыгын чыгарып жатып, мелдештер достук жагдайда өтүп жана ар бири өз күчүн, тажрыйбасын көрсөтө алганын белгиледи.

Садыр Жапаров билдиргендей, оюндун катышуучулары бул мелдештерди жакшы салтка айлантып, жылына эки жолу - май жана декабрда, аны менен катар башка тармактардын да катышуусунда өткөрүүнү сунушташты. Сунуш турнирдин бардык катышуучулары тарабынан бир добуштан колдоо тапты.

"Алга" футбол командасынын ардагерлери Садыр Жапаровго эстеликке сувенир - колтамгалары түшүрүлгөн топту белек кылышты.

1 миллион сом өлчөмүндөгү байге фондун бардык командалар бир добуштан Токмок шаарындагы балдардын үй-интернатына өткөрүп берүүнү чечишти.

Мелдеш катышуучуларына эстеликке белектер жана сертификаттар тапшырылды. Жеңүүчү команда Кубокту алды.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4817