2:2. Садыр Жапаровдун гол киргизгени (видео)
RU

2:2. Садыр Жапаровдун гол киргизгени (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган достук мелдешинин алгачкы беттеши аяктады.

Президенттик аппараттын командалары менен маданият өкүлдөрү беттешип, мелдеш 2:2 эсебинде аяктады.

Биринчи таймда маданият өкүлдөрү Майрамбек Осмонов (ырчы) менен Фархад Бекмамбетов (мамлекеттик цирктин директору) эки голду киргизип, алдыга чыгышты.

Экинчи таймда Садыр Жапаров дарбазага гол киргизсе, таймдын аягында артисттер командасынын дарбазачысы оюн эрежесин бузду. Беттештин калыстары пенальти дайындап, анда Садыр Жапаров дагы гол киргизди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4810