Бишкектин борборунда ок атышуу болду (видео)
RU

Бишкектин борборунда ок атышуу болду (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте эркек кишилер мушаташып, курал колдонушкан. Азырынча канча адам жабыркаганы белгисиз. Бул тууралуу kaktus.kg'ге күч структураларынан билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 22-декабрда Бишкектин Эркиндик жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 21:00до белгисиз адамдардын ортосунда пикир келишпестик болуп, андан кийин тапанча жана мылтыктан ок атышкан.

Азырынча жабыркагандар боюнча маалымат жок, бирок бир нечеси милицияга жеткирилген.

Алдын ала берилген маалымат боюнча, чыр-чатакка катышкандардын бири Мурат Рамонов - грек-рим күрөшү боюнча балбан жана Алигаджи Гамидгаджиев - 2019-жылдын Азия чемпионатынын күмүш байгечиси жана 2008-жылдын Европадага өспүрүмдөр биринчилигинин жеңүүчүсү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4887