Бишкектеги ок атышуу боюнча кененирээк материал жана видео
RU

Бишкектеги ок атышуу боюнча кененирээк материал жана видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин борборунда, Эркиндик менен Бөконбаев көчөлөрүнүн кесилишинде ок атышуу болгон. Бул тууралуу kaktus.kg'ге күч структураларынан билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 22-декабрда Бишкектин Эркиндик жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 21:00до белгисиз адамдардын ортосунда пикир келишпестик болуп, андан кийин алдын ала даярдап алган таштарды бири-бирине ыргытып, тапанча, мылтык, автоматтан ок атышкан.

Видеодо көрүнүп тургандай, ондогон эркек кишилер бири-бирине ок атып, андан кийин чыр-чатакты токтотууга аракет кылышкан. Бирок бирөөсү экинчисин жаакка муштагандан кийин кайра ызы-чуу башталып кеткен.

Азырынча жабыркагандар боюнча маалымат жок, эч кимиси ооруканага да милицияга да кайрылган эмес. Бирок чырдын бир нече катышуучусу милицияга жеткирилген. Алар болгон окуяны танып, эч кандай атышуу дагы, мушташ дагы болгон эмес деп көрсөтмө берип жатышат.

Алдын ала берилген маалымат боюнча, чыр-чатакка катышкандардын бири Мурат Рамонов - грек-рим күрөшү боюнча балбан жана Алигаджи Гамидгаджиев - 2019-жылдын Азия чемпионатынын күмүш байгечиси жана 2008-жылдын Европадага өспүрүмдөр биринчилигинин жеңүүчүсү.

Бишкектин ШИИБси жана Кыргызстандын ИИМи резонанстык окуяга эч кандай комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4890