"Ысык-Көл" мейманканасын бузуу. Исхак Масалиев бул жакта коррупция бар деди
RU

"Ысык-Көл" мейманканасын бузуу. Исхак Масалиев бул жакта коррупция бар деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясатчылар "Ысык-Көл" мейманканасынын талкаланышы боюнча жеке пикирлерин социалдык баракчаларга жарыялашкан.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиев

- Президент (25-декабрда) жыйынтыктоочу конференцияны өткөрдү. Анын айткандарына министрлер кабинетинин төрагасы башын ийкеп макулдугун билдирип жатты. "Бизде бардыгы жакшы, эртең мындан да жакшы болот". Ошол эле маалда "Ысык-Көл" мейманканасы талкаланууда. 37 жыл мурун салынган сонун мейманкана, президенттин башкармалыгына өткөн күндөн тартып күндөн-күнгө талкалана баштаган. Ордуна президенттик сарай курушат экен.

Бирок миңдеген үй бүлөлөр 50 жыл же андан мурун салынган үйлөрдө жашашат! Ондогон мектеп менен балабакчалар, ооруканалар жылдап оңдоп-түзөө иштерин күтүүдө. Дарыгер менен мугалимдердин айлыгы жетишсиз. Анан ушул тапта имаратты талкалоого жана анын ордуна резиденция курууга каражат коротуу, мейли ал өлкө үчүн өтө маанилүү чиновник болсо деле, эч эле ыгы жок чечим!

Жигиттер токтоткула, ишти мындан баштабайт!!!

Мейманкана 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60-жылдыгына карата салынып, бардык советтик курулуш нормалар сакталган

Ушул жылдын апрель айында президенттин башкармалыгы аябай административдик имарат кургусу келип, мейманкана архитектуралык эстелик тизмесинен чыгарылды. Борбордун мэри Бактыбек Кудайбергенов болчу. Ушул жылдын август айында ал Президенттин башкармалыгын жетектеди. Бул коррупция эмей эмне?!

Акыркысы: "Мурас-Ордо" жаңы конушунун тургундары үчүн бир нече жылдан бери мектебин куруп бүтпөй коюшту. Талкалаганга көп акылдын кереги жок. Имаратты уратуу, аны курууга салыштырмалуу кыйла оңой.

Мындай учурда шаардыктардын арасында сурамжылоо жүргүзсө болот болчу.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко

- Депутат болгон мезгилимдин бардыгын алгачкы староста Терентьевдин эстелик үйүн сактап калуу жана кайрадан оңдоп түзөөсү үчүн күрөшүп өткөрдүм. Тилекке каршы чиновниктерибиздин ач көздүүлүгүнүн айынан бардыгы өзгөрүүсүз калды.

Мен Каракол шаарынын эски тарабын аябай жакшы көрөм. Уникалдуу эски имараттардын бузулуп жатканын көргөндө, жүрөгүм сыгылат.

Бүгүнкү күндө министрлер кабинетинин буйругу менен "Ысык-Көл" мейманканасынын имарты талкаланууда. Бул имаратта космосту багынткандардын, бүтүндөй Советтер Союзунун актер жана жазуучуларынын элеси бар. Анда көптөгөн конференциялар, фестивалдар өткөн.

Болуп жаткан көрүнүш Чыңгыз Айтматов сүрөттөп берген манкурттарга ушунча окшошуп турат. Аны талкалоонун кандай зарылчылыгы бар? Балким октябрь конокторунун изин жашырууну көздөп жатышат? Жаңы административдик имараттын эмне кереги бар, эгер мамлекеттик аппаратты кыскартууну көздөп жатсаңар? Эмне үчүн эң негизги маселе жашыруун каралууда? Мамлекеттик менчик - Акылбек Жапаровдун менчиги эмес. Бул элдин менчиги!

Эмне үчүн бул бийлик маселенин бардыгын жаап-жашырып кабыл алат? Кумтөр боюнча дагы, чек ара маселеси дагы, ооркуналар боюнча дагы? Парламенттик башкарууда парламенттин алдында отчет берип турчу, азыр эми өзүмдү-өзүм билем өтүгүмду төргө илем болуп калдыбы?! Кеч болуп кете электе токтоткула.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Абдрахманов

- "Ысык-Көл" мейманканасы президенттердин жана алардын башкармалыгынын карамагында болчу. 15 жыл жөн эле турду. Өздөрү эч нерсе уюштура алышкан жок, башкаларга да бергенден кызганышты. Андан кийин өздөрү ичин тала-тоноп бүтүрүштү.

Дайындалган жетекчилердин бардыгы компетентүүлүгү төмөн директорлор жалаң өзүнүн анан шефинин чөнтөгүнө иштешти. Натыйжасында, комплекс чыгашалуу болуп, акырындык менен талкалана баштаган.

Бул комплекс күзгү сыяктуу, кыргыз бийлигинин деңгээлин көрсөтүп турат. Алар мейманкананы эле эмес, бүтүндөй мамлекетти ушундй кейипке жеткиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4964