"Ысык-Көл" мейманканасын бузуш керекпи? Имаратты салгандардын пикири
RU

"Ысык-Көл" мейманканасын бузуш керекпи? Имаратты салгандардын пикири

Все самое интересное в Telegram

"Ысык-Көл" мейманканасы архитектуралык эстелик эмей эле Кыргызстандагы чиновниктердин жоопкерчиликсиздигинин жана өлкөнүн уранды арасында тургандыгынын символу болуп калды. Kaktus.kg имарат качан жана ким тараптан салынып, кандай себептерге бйланыштуу талкаланып жаткандыгын сүрүштүрдү.

Имараттын тарыхы

"Ысык-Көл" мейманканасы 1984-жылы салынган. Бул комплекстин курулушу Турдакун Усубалиевдин жеке көзөмөлүндө болчу. Ал кездеги бийликтин максаты - өлкөдөгү курулуш жана өнүгүү кызуу жүрүп жаткандыгын көрсөтүү болчу. Ошондуктан эң мыкты архитекторлор иштеп, эң мыкты курулуш мтериалдар колдонулган.

Сегиз кабаттуу мейманканада 168 номер бар, анын ичинде президенттик аппартаменттер. Имаратка 3,64 г жер таандык.

1993-жылы имарат тарых архитектурасы деген статус алып, президенттин башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилген.

Сатуу аракеттери

2005-жылдан тартып, имарат каралбай калган. Ар кайсы жылдары аны сатуу же ага инвестиция тартып келүү сунуштары айтылып жүрдү. 2007-жылы имарат сатылып кетти деген имиштер жаралып, парламентте бул маселе көтөрүлгөн. Оппозициялык депутаттар чуу чыгарып, имарат сатылбай калган.

2016-жылы Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды тартуу агенттиги инвестор табуу аракеттерин жасаган. Долбоорду $64,92 млн. деп баалашты. Ага кызыккандар табылган эмес.

2017-жылы КММА комплексти клиника жасоо үчүн жождун балансына өткөрүп берүүнү суранган. Ал да ишке ашкан жок.

2018-жылы айрым депутаттар имаратты президенттин иш резиденциясы катары өткөрүп берүүнү сунушташкан.

Ал эми 2020-жылдагы октябрь окуялары учурунда Садыр Жапаровдун тарапташтары үчүн баш калкалоочу жай болуп берди.

2021-жылы жаңы бийлик тез арада имараттын тагдырын чечип, аны уратууну туура көрдү.

Архитектуралык эстелик деген статусун эмнеге жоготту?

2021-жылдын апрель айында "Ысык-Көл" мейманканасы архитектуралык эстеликтер реестринен чыгарылган. Бул чечимдин демилгечиси президенттин башкармалыгы. Ал кезде атайын адистерден жана долбоордун авторлорунан түзүлүп, комиссия "өтө начар абалда, андан ары экслуатациялоого болбойт жана архитектуралык-көркөм баалуулугун жоготту" деген корутунду чыгарган.

Архитектор Айгүл Насирдинова совет доорунда салынган имараттардын тагдырына көз салып турат. Президенттик башкармалык имаратты архитектуралык эстеликтин катарынан чыгарганы вандализмге тете, деди ал.

Имараттын бир эле кирпичи калганда гана ал тарыхый эстелик болбой калат.

"Теретнтьевдин үйү турат, Караколдо XIX кылымда салынган үй турат. Алардын архитектуралык эстелик статусун эч ким албай эле. Чет өлкөлүк архитекторлор да шок абалында. Укриналык кесиптештерим "Эмнеге мындай имаратты талкалап жатышат? Акчаңар көппү, ушунча чоң курулушту бузганга?" деп сурап жатышат" - деп Насирдинова белгиледи.

Анын айтымында, мейманкананы талкалоого реконструкция кылууга караганда көбүрөөк каражат кетиши мүмкүн.

Архитекторлор имараттын бузулушуна каршы

24-декабрдан тартып имаратты талкалай башташты. Президенттин башкармалыгы билдиргендей имарат кооптуу жана каалаган учурда урап калышы мүмкүн. Бирок аны талкалоого коротулган аракеттерди көрүп, урачудай түру деле жоктугун түшүнүүгө болот. Анткени эң үстүңку кабатында эксковатор жүрөт.

Комплексти курган адистер да эмне үчүн урап калуу коркунучу бар деген бүтүм чыкканына таң калып жатышат.

Абдумажит Личаню Совминдин алдындагы курулуш башкармалыгынын жетекчиси болчу. "Ысык-Көл" мейманканасы анын көзөмөлү менен салынган.

"Узак убакытка чейин жылуулук берилбегендиктен ички жасалгалоосу жараксыз болуп калышы мүмкүн - штукатурка, плитка, канализация, сантехника. Бирок темир-бетондон жасалган каркас бардык курулуш нормаларга ылайык салынган. Имаратты курууда 200 жана 300 үлгүсүндөгү эң сапаттуу совет арматурасы колдонулган", - деп Равшан Личаню атасынын сөзүн айтты.

Комплекстин долбоорун иштеп чыккан авторлордун бири Мухатр Керимкулов имраттын талкаланышына каршы экенин Kaktus.kg'ге айтып берди. Анын пикири боюнча, имаратты оңдоп-түзөсө ал дагы ондогон жылдарга чейин турмак. Комиссия долбоордун авторлору менен "Ысык-Көл" мейманканасынын архитектуралык статусун алып салуу маселеси боюнча аны менен макулдашышканын билдирди. Бирок, имаратты уратуу боюнча эч нерсе айтылган эмес, деди Мухтар Керимкулов.

"Бизге реконструкция болот деп айтышкан. Анан биз автор катары албетте макулдугубузду бергенбиз", - дейт Керимкулов.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын бузулуп жатканына байланыштуу видеокайрылуу жасады. Ал мейманкананын бузулушу ага караштуу жерге жана кытай инвесторлору катышкан долбоорго байланыштуу болушу ыктымалдыгын айткан.

Президенттик башкармалык толук маалымат бере элек. Азырынча ал жерге мамлекеттик маанидеги административдик комплекс курула турганы гана айтылды. Андан тышкары каражатты рационалдуу колдонуу, автомобилдик жолдорго болгон жүктү азайтуу жана борбор шаардын эстетикалык көркүн жакшыртуу максатында мейманкана талкаланууда, деген маалымат берилди.

Ошол эле маалда имаратты талкалоо ким тараптан каржыланып жатканы белгисиз. Мейманкананын дубалдарынын калыңдыгы жарым метр болгонун, анын бийиктиги сегиз кабат экенин эске алганда, буга көп каражат сарптала турганы анык.

Мейманканага караштуу жер тилкесинин тагдыры да бүдөмүк. Негизи ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна таандык. Бирок, азыркы тапта фонддун жетекчилери менен байланышуу мүмкүн болбой турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60(Бишкек)
url: https://kaktus.kg/4959