"Ирээнжитти". Депутат "Ак үйдөгү" дааратканада кагаз жок экенине нааразы болду
RU

"Ирээнжитти". Депутат "Ак үйдөгү" дааратканада кагаз жок экенине нааразы болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Жусуп Коргонбай уулу биринчи эле жыйында Ак Үйдөгү дааратканага байланыштуу сын айтты. Тагыраагы ал эмнеге нааразы болгонун айтып, буларга токтолду.

"Жогорку Кеңеш мени дагы эмнеси менен ирээнжитти? Түштөнүү үчүн ашканага барганда мээге соккондой тамагы жок, дааратканасында кагазы жок. Бул эмне деген Ак Үй? Биз биринчи жолу кирип жатабыз. Эгер чарбалык, Ак Үйдүн ичиндеги иштерибиз ушундай болсо, мамлекеттин акыбалы эртең кандай болот? Мени кечирип коюшсун анча-мынча кишилер, бирок айтууга туура келип жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, 29-декабрда парламентке жаңы шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи болуп, андан кийин жыйын өткөрүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасы шайланды.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4991