Арсланбек Малиев өлкөнүн аталышын өзгөртүүнү сунуштады
RU

Арсланбек Малиев өлкөнүн аталышын өзгөртүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

VII чакырылыштын депутаты Арсланбек Малиев Кыргызстандын атын өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал кечээ, 29-декабрда, парламенттин алгачкы жыйынында билдирди.

"Биздин имиджибиз өзгөрбөй жатат. Кыргызстандын эки аты бар: Кыргызстан жана Кыргыз Республикасы. Экөөндө тең кыргыз сөздөр жок. Стан - фарси сөзү, республика - гректин сөзү. Муну өзгөртүш керек", - деди депутат.

Анын айткандарына Талант Мамытов, Малиев глобалдуу көйгөйлөрдү көтөрүп жатат деп жооп кайтарды.

"Азырынча эч нерсе дей албайм. Сиз желек боюнча да маселе көтөрүп чыкканыңарды билем. Өлкөнүн аталышын өзгөртүү үчүн олутту себеп жана негиздеме керек", - деп кошумчалады.

"Алгач элдин курсагын тойгузалы, андан кийин сиздин суроолоруңузга кайтып келсек болот", - деп Адахан Мадумаров Малиевге жооп кайтарды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4990