Камакка алынган Мирлан Ураимовдун тарапкерлери соттун жанына чогулду(видео)
RU

Камакка алынган Мирлан Ураимовдун тарапкерлери соттун жанына чогулду(видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна КР Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга эл алдында чакырык" беренеси боюнча айыпталып жаткан "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов алынып келинди.

Ураимов социалдык түйүндөрдө чагымчыл маанайдагы билдирүү жарыялады деп айтылып жатат, бирок муну өзү мойнуна алган эмес.

Сот имаратынын алдына чогулган 80дей адам акыйкаттыкты, саясий куугунтукту токтотууну талап кылган ураандарды кыйкырышкан.

Эске салсак, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Ураимов 8-февралда кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5541