Депутат Гуля Кожокулова: Блогерлер уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалып жатат
RU

Депутат Гуля Кожокулова: Блогерлер уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышы боюнча депутат Гуля Кожокулова "Блог ачкан же социалдык тармактарда катталган ар бир адам мындай кырдаалга туш болушу мүмкүн" , - деп билдирди.

Анын пикиринде, өлкөдө азыр адам укуктарын одоно бузуп эле тим болбостон, мыйзамдарды да тоготпой жатат.

"Негизинен туура эмес практика жүрүп жатат. Укук коргоо органдары блоггерлерди коркунучтуу кылмышкер, уюшкан кылмыштуу топтун же экстремисттик уюмдун мүчөсү катары кармап жатышат", - деди Кожокулова.

Ал "эгер блоггерлерге байланышкан маселелерди ушинтип чече берсеңер, бул баш аламандыкка алып келет",- деп кошумчалады.

Эске салсак, УКМК кызматкерлери "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду социалдык тармактарга чагымчыл материалдарды тараткан фактысы боюнча кармашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5534