Телеканалдын кеңсесинен өрт чыкты (фото жана видео)
RU

Телеканалдын кеңсесинен өрт чыкты (фото жана видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-февралда "Ош пирим" телеканалынын кеңсесинде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Аталган телеканалдын кеңсеси Бишкектеги Абай аттуу көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө жайгашкан.

Өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук No5 өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнөн 1 бөлүм чыгып, өрт саат 15:02де локализацияланып, саат 15:27де толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана мүлккө келтирилген зыяны такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5662