Алтынбек Сулайманов эми депутат эмес. Президент аны башка кызматка дайындады
RU

Алтынбек Сулайманов эми депутат эмес. Президент аны башка кызматка дайындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Бүгүн, 24-февралда мамлекет башчы президенттин облуска жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлүн кабыл алып, анын алдына облустун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен социалдык-экономикалык жактан мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттерди койду.

Буга чейин Мирбек Кожоев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. Ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Эске салсак, Алтынбек Сулайманов "Альянс" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5704