23-февраль. Жогорку Кеңештин 16 депутаты гана аскердик кызмат өтөгөн (фото)
RU

23-февраль. Жогорку Кеңештин 16 депутаты гана аскердик кызмат өтөгөн (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-февралда Кыргызстанда Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленет.

Майрам алдында Kaktus.media сайты Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарынын өмүр таржымалын иликтеп чыгып, алардын 16сы гана аскерде кызмат өтөгөнүн же окуу жайдын аскердик факультетинде билим алганын аныктады.

ОшМУну бүтүргөн Айбек Алтынбеков 2000-жылы окуу жайдын аскердик кафедрасында кызмат өтөп, кенже лейтенант наамы менен аяктаган.

Руслан Жакышев 1993-1994-жылдары Кой-Таштагы No73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.

Аманкан Кенжебаев 1987-1990-жылдары СССРдин Аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн, башкы сержант-майор наамына ээ.

Адахан Мадумаров 1983-1985-жылдары Советтик армиянын катарында Германияда кызмат өтөгөн.

Исхак Масалиев ар кайсы жылдары ички иштер жана бажы органдарында кызмат өтөгөн.

Марат Мураталиев 1985-1987-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Сүйүн Өмүрзаков 1986-1988-жылдары Польшада советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Айбек Осмонов Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарына 2003-жылы чакырылган.

Равшан Сабиров 1988-1990-жылдары Тула шаарында советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Таалайбек Сарыбашов 1989-1991-жылдары Германияда советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Алтынбек Сулайманов 1990-1992-жылдары Североморск шаарында советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Кундузбек Сулайманов да 1985-1987-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Акбөкөн Таштанбеков 1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, Ооганстандагы согушка катышкан.

1986-1988-жылдары Жеңишбек Токторбаев Германияда советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Азизбек Турсунбаев 1984-1986-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Алишер Эрбаев 1997-жылы Кургактагы аскерлердин абадан коргонуу аскер академиясын артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сүрөттөр түшкөн сайын материал жаңыртылып турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5677