Путин Украинага аскердик аракеттерге катышууну каалаган ыктыярчыларды жөнөтүүнү колдоду
RU

Путин Украинага аскердик аракеттерге катышууну каалаган ыктыярчыларды жөнөтүүнү колдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-мартта Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен онлайн жолугушууда Украинадагы аскердик аракеттерге катышууну каалаган адамдарды жөнөтүү идеясын колдоду. Бул тууралуу "Коммерсантъ" билдирет.

Коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, буга чейин Жакынкы Чыгыштан келген 16 миңдей ыктыярчы мындай каалоосун билдирген.

"Бизге Луганск жана Донецк Элдик Республикаларына боштондук кыймылы деп эсептеп кыймылга катышууну каалаган ар түрдүү ыктыярчылардан көп сандагы арыздар келип түшүүдө. Эң көп сандагы ыктыярчылардан келген арыздар Жакынкы Чыгыштан: буга чейин 16,000ден ашуун арыз түшкөн", - деди Шойгу (Кремлдин сайтынан сөзмө-сөз алынды).

Путин бул сунушту колдоп, "Украинанын батыштык демөөрчүлөрү" ансыз деле согуш жүрүп жаткан аймакка жалданма аскерлерди жөнөтүп жатканын, "эл аралык укуктун бардык нормаларын эске албай" жатканын белгиледи.

"Ошондуктан, эгер акча үчүн эмес, өз ыктыяры менен келип, Донбасста жашагандарга жардам берүүнү каалагандарды көрсөңүздөр, аларды аскердик аракеттер болуп жаткан аймакка кирүүгө жардам беришиңиздер керек ",- деп жооп берди Путин.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5934