Украинада балдар ооруканасы жана төрөт үйү аткыланды (фото)
RU

Украинада балдар ооруканасы жана төрөт үйү аткыланды (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын Мариуполь шаарындагы балдар ооруканасы менен төрөт үйүн аткылоодо карапайым адамдар жабыркады. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы күбөлөрдүн жана жергиликтүү бийликтердин маалыматына таянып билдирди.

"Мариуполь, орус аскерлеринин төрөт үйүнө түз чабуул, урандылардын астындагы балдар. Зордук! Дүйнө качанкыга чейин террорду тоготпой, шерик болуп кала берет? Тез арада асманды жапкыла! Өлтүрүүнү токтоткула! Күчүңөр бар, бирок, адамгерчилигиңерди жоготуп жатасыңар", - деп жазды Украинанын президенти Владимир Зеленский Telegram баракчасына.

"Жакында балдар дарыланган оорукананын имараты толугу менен талкаланды. Жабыркаган балдар тууралуу маалымат такталууда", - деп айтылат Мариуполь шаардык кеңешинин билдирүүсүндө.

"Россиянын Мариуполго жасаган аба соккусунун натыйжасында шаардын борборундагы төрөт бөлүмү, балдар бөлүмү жана ооруканадагы терапевттик бөлүмдүн баары талкаланды", - деп Донецк облустук аскер администрациясынын башчысы Павел Кириленко Facebook баракчасына жазды.

Ал соккудан жабыркагандар жакынкы ооруканага эвакуацияланып жатканын кошумчалады.

Кириленконун айтымында, төрөт үйүндөгү соккунун натыйжасында 17 адам жабыркаган. Көз жумгандар жок. Жарадар болгондордун арасында медицина кызматкерлери жана төрөй турган аялдар да болгон.

Украинанын улуттук полициясынын жетекчисинин биринчи орун басары Вячеслав Аброскин Facebook баракчасына орус аскерлери Мариуполдогу төрөт үйүнө артиллериялык сокку жасашканын жазды.

Жогорку Раданын депутаты Дмитрий Гурин Би-Би-Сиге берген маегинде төрөт үйүнө сокку урулду деген маалыматты тастыктаган.

Анын айтымында, каза болгон балдар жана жаңы төрөлгөн ымыркайлар тууралуу маалымат жок, адамдар урандылардын астынан чыгарылууда.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Твиттерде Россиянын Аскер-аба күчтөрүнүн Мариуполдогу төрөт үйүнө жана балдар ооруканасына жасаган аба соккусун "үрөй учураарлык" деп атады.

Россия фейктерди көрсөттү

Россиянын БУУдагы Туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский өзүнүн Твиттердеги баракчасында Батыштын жалган маалымат каражаттарына Мариуполь шаарындагы ооруканага жасалган кол салууда карапайым жарандар жабыркады делгенине көңүл буруп, БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррештин маалыматтарынын тактыгын текшербегени үчүн сындады, деп Lenta.ru. жазды.

"Фейк жаңылыктар ушинтип жаралып жатат. Биз 7-марттагы билдирүүбүздө бул оорукананы радикалдар аскерий жайга айландырганын эскерткенбиз. БУУ маалыматты текшербестен таратып жатканы абдан кооптуу", - дейт Россиялык дипломат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5908