Исфана шаары Раззаков болуп өзгөртүлдү
RU

Исфана шаары Раззаков болуп өзгөртүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 16-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззакович Раззаковдун атын түбөлүккө калтыруу, улуттук идеологияны бекемдөө, тарыхый салттарга жана баалуулуктарга негизделген жарандарды руханий-адептик тарбиялоону өркүндөтүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6039