Адвокат: Нурбек Токтакунов адамгерчиликсиз шартта кармалууда
RU

Адвокат: Нурбек Токтакунов адамгерчиликсиз шартта кармалууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нурбек Токтакунов Бишкек ШИИББинин камерасына жөнөтүлдү. Бул тууралуу адвокат Раззак Ашымбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 25-мартта таң эрте ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Нурбек Токтакуновду Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин СИЗОсуна жеткиришти.

"Камерада дегеле шарт жок, отургучтар гана бар. Аны туалетке сыртка алып чыгышат. Жата турган жери, электр жарыгы да жок", - деди жактоочу.

Ал Токтакунов адамгерчиликсиз шартта кармалып жатканын айтты.

"Эгерде мамлекет адамды камакка алууну чечсе, анда ал элементардык шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. Мунун бири да жок", - деп түшүндүрдү жактоочу.

Ал Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечимине даттануу берилип, ал соттун чечимин аткарууну токтотот. Бирок, Токтакуновду кармашкан.

"Өтүнүч менен кайрылабыз. Качан карайт, жардам береби, жокпу билбейбиз. Бишкек шаардык сотунда сот жараяны жүрүп жатканда Токтакунов 3-4 күн отурушу мүмкүн, эгер алар айып пул салса, бир эле жорук үчүн эки жолу жазага тартылган болот. Ошондуктан апелляциялык арыз биринчи инстанциянын чечимин токтотот", - деп түшүндүрдү Ашымбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6110