Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу блогер камакка алынды
RU

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу блогер камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча блогер кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-март күнү Арзыгүл Галымбетова шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылып, аны социалдык тармактарда "Батма-Бат" YouTube каналынын колдонуучусу жамандап, "ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирип" жатканын айткан.

Ошол эле күнү, 25-мартта Галымбетова ден соолугунун начарлап кеткенине байланыштуу саат 20:00дө неврология бөлүмүндө каза болгон.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин "Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү" беренеси менен катталып, экспертизалар дайындалды.

Шектүү катары 33 жаштагы Б.Ж. (Kaktus.media сайтынын болжолу менен Батма Жолболдуева) кармалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6137