Журналист Арзыгүл Галымбетова каза болду
RU

Журналист Арзыгүл Галымбетова каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен медиа борборунда жана "Турмуш" сайтында журналист болуп иштеген Арзыгүл Галымбетова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Жакындарынын жана кесиптештеринин айтымында, ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшкөн. Түнү жүрөгү кармап каза болгону айтылууда.

Арзыгүл Галымбетова Баткендин жетишкендиктерин, чечилбей келаткан маселелерин жазып турган. Кесиптештери өзгөчө анын чек ара маселелерин көйгөйүн чагылдырып келгенин белгилеп жатышат.

Арзыгүл 37 гана жашта болгон.

Kaktus.kg редакциясы Арзыгүлдүн жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6123