"Биз исламга каршы эмеспиз". Акылбек Жапаров казино ачуу тууралуу
RU

"Биз исламга каршы эмеспиз". Акылбек Жапаров казино ачуу тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-мартта Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилиги менен Бишкек шаарындагы Ынтымак сейил багында түрдүү диний жамааттардын өкүлдөрү көчөт отургузушту. Иш-чарага премьер-министр Акылбек Жапаров келди. Ал казинолорду, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу боюнча мыйзам долбоору тууралуу айтып берди.

"Казинодо Кыргызстандын бир дагы жараны ойнобойт. Кыргызстандыктарды ойноткон компаниялар жабылат. Мен Малайзияга 2013-жылы чакыруу менен баргам. Ал жакта дагы казинолор бар. Мен да ушул суроону бергенде алар мусулман малайзиялыктар казиного барбайт казинолор туристтер үчүн гана деп жооп беришкен", - деди Акылбек Жапаров.

Туризмди өнүктүрөлү деп жатасыңар, мына биз аны өнүктүүгө аракет кылуудабыз.

Премьер-министрдин айтымында, 2001-жылы өлкө бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 миллион сом түшкөн.

"Эми киреше эки, үч, төрт эсе көп болот деп ойлойбуз. Конокторду ушинтип тосуп алышыбыз керек. Бул туризм", - деп эсептейт министрлер кабинетинин башчысы.

Кыргызстанга келип, шайтандын коштоосунда он күн бир нерсени жегенден көрө бул жакшы. Алар ойноп эс алышсын. Буга шарт түзүп беребиз.

Акылбек Жапаров кумар оюндарына диний тыюу салуу боюнча да пикирин билдирди: "Биз ислам динине каршы эмеспиз, ислам өлкөлөрүндө да казино бар. Балдарыбызга, жарандарыбызга тыюу салабыз",- деп жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6161