"Бирөөгө жакшы болсо, экинчисине жаман". Акылбек Жапаров россиялыктар жөнүндө
RU

"Бирөөгө жакшы болсо, экинчисине жаман". Акылбек Жапаров россиялыктар жөнүндө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров россиялыктардын Кырргызстанга адаттагыдан көп келип жаткандыгы боюнча комментарий берип, фирмаларды ачуу үчүн жөнөкөйлөтүлгөн шарттар түзүлө турганын билдирди.

"Бизге келип жаткан коноктор жөнүндө айта турган болсок... Тилекке каршы, кытай макалында айтылгандай - бирөөнө жакшы болсо, башка бирөөгө жаман. IT-адистер Армения, Грузия, Казакстанга, бизге келип жатышат. Колунда барлары бизге миграция болуп келишүүдө. Биз алар үчүн каттоого туруунун жөнөкөйлөтүлгөн шарттарын түзөбүз. Алар үч саатта фирма ача алышат. Биз бардык тармактарды камтыганга аракет кылабыз. Бүгүн Ошко көп конок келиптир. Аларга биздин меймандостук жагып жатат. Азыр эми Бишкекке да келе башташты", - дейт Акылбек Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6164