Россия Украинадагы Киев жана Чернигов багытындагы согуштук аракеттерди азайтат
RU

Россия Украинадагы Киев жана Чернигов багытындагы согуштук аракеттерди азайтат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Коргоо министрлиги Киев жана Чернигов багытында согуштук аракеттерди кескин кыскартуу чечимин кабыл алды, деп билдирди Аскердик департамент.

Бул тууралуу орусиялык делегациянын курамына кирген Россиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин Стамбулда орус жана украин тараптарынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин билдирди, деп жазат РБК.

Бир аз мурдараак Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Россия бул аймактардан аскерлерин жарым-жартылай чыгарып жатканын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6176