Жо Байден Владимир Путинди "касапчы" деп атады
RU

Жо Байден Владимир Путинди "касапчы" деп атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын президенти Жо Байден Европа сапарынын алкагында 26-мартта Варшавада баш калкалап жаткан украиналык качкындар менен учурашты. Президент алар менен баарлашып, балдарды кучактады.

"Бүгүн мен Польшага качып чыккан украиналыктар менен жолуктум. Алардын көзүндөгү эмоцияларды сезиш үчүн бир тилде сүйлөштүн кереги жок болду", - деп жазды "Азаттык үналгысы" Байдендин Твиттер баракчасына жарыялаган постуна таянып.

Жолугушуу учурунда ошол жердегилердин бири "ушундай кесепеттерге алып келген Орусиянын президенти Владимир Путинди кандай баалайсыз?" деген суроо берилди. Байден ага "Путин касапчы" деп жооп узатты. Ал орус президенти согуштун стратегиясын өзгөртүп, Украинанын чыгышында гана чабуулдарды улантып жатканын кошумчалады.

Жо Байдендин Путинге карата баасын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков айыптоо менен комментарийлеп, "Югославияны аткылоону жактаган адамдан мындай сөздү угуу таң калычтуу" деди.

Орусия Украинага басып киргенден кийинки өлкөдөн качкан 3,5 миллиондой адамдын 2 миллиондон ашууну Польшага өткөн.

Байден үч күнгө созулган Европага сапарынынын жүрүшүндө Брюсселде НАТОнун, "Чоң жетинин" жана Европа Биримдиги уюмдарынын саммиттерине катышты. Ал жыйындарда Украинага колдоо көрсөтүү жана Орусияга каршы чараларды көрүү маселелери каралды.

Европа сапарынын алкагында 25-мартта АКШ президенти украиналык качкындарды кабыл алып жаткан Польшанын Жешув шаарына барды. Анда поляк президенти Анжей Дуда менен гуманитардык кризисти талкуулаган. Байден Польшадагы Кошмо Штаттардын аскер бөлүгүндө зыярат кылды. Варшавада Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жана коргоо министри Алексей Резников менен жолукту. (ErN)

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6130