Үрөй учурат! Бишкектеги колбаса цехиндеги видео
RU

Үрөй учурат! Бишкектеги колбаса цехиндеги видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Фрунзе заводунун жанындагы колбаса цехинин иши токтотулду.

Маалым болгондой, менчиктин ээси өзүнүн ишканасын ички реестрге киргизүү үчүн арыз жазган. Бирок, реестрге киргизе электе эле Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы текшерүү менен келген. Цехтин иши текшерилип, тартип бузуулары үчүн он суткага иши токтотулган.

Цех көптөгөн мыйзам бузуулар менен иштеген. Ичинде толугу менен антисанитардык абал, айланасында кир жана жуулбаган идиштер бар. Ошол эле жерде бут кийимдер кургатылат. Дезинфекциялоо турсун жуулбайт.

Бул цехте колбаса жана ышталган эт чыгарылат. Негизинен өндүрүштө чочконун жана жылкынын эти колдонулат, анын документтери жок. Ишкердин ветеринардык күбөлүктөрү жана эт чийки затынын ветеринардык-санитардык экспертизасы, ошондой эле этте антибиотиктер, гормоналдык жана башка дары-дармектер колдонулгандыгы тууралуу маалыматтар жок.

Ошондой эле, канаттуулардын эти, белгисиз жарым фабрикат эт азыктары сакталат жана жарактуулук мөөнөтү белгисиз.

Бардык продуктылар үчүн лабораториялык изилдөөгө алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6213